Биз менен байланышыңыз

Президент Ысык-Көлгө аяр мамиле жасоого чакырды (видео)

Кыска кабар | 3 мая 2023 | 306 | 0

Президент Садыр Жапаров жалпы кыргызстандыктарга кайрылып, Ысык-Көлгө аяр мамиле жасоого жана эс алгандан кийин таштанды калтырбоого чакырды. Мындай билдирүүнү ал Фейсбук баракчасына жарыялады.

Садыр Жапаровдун айтымында, эки айдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ысык-Көлдү тазалап бүтө албай жатышат.

«Таза болуу өзүбүздөн го акыры. Неге мынча кайдыгербиз? Өзүбүз булгайбыз да, анан бийликтен тазалыкты балакеттей талап кылабыз. Тазалыкты сактоону суранам. «Тазалаган жер таза эмес, тазалыкты сактаган жер таза». Ар бир жаран тазалыкты сактоого жана башка жарандардан дагы тазалыкты сактоону талап кылууга милдеттүүсүздөр», – деп жазды президент.

Белгилей кетсек, ушул жылдын мартында Ысык-Көлдү таштандылардан тазалоо иштери башталган. ӨКМдин суучулдары учурда көл түбүнөн тонналаган таштандыларды алып чыгууда.

ӨКМден билдиришкендей, суучулдар 47 күндүн ичинде көлдөн 3,7 миң кг таштанды жана 47 миң метр тор алып чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM