Биз менен байланышыңыз

Өлкө аймагындагы ооруканаларына гемодиализ аппараттары сатып алынды

Кыска кабар | 2 мая 2023 | 136 | 0

Өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдары үчүн 15 көчмө гемодиализ аппараты сатып алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аппараттар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында сатылып алынган.

Долбоордун максаты COVID-19 коркунучунун алдын алуу, аныктоо жана аны менен күрөшүү болуп саналат.

Министрликтен белгилешкендей, бул медициналык жабдуулар интенсивдүү терапия жана жандандыруу бөлүмдөрүндө өтө зарыл, бөйрөктүн курч жетишсиздигинде (БКЖ) канды токсиндерден жана ашыкча суюктуктан тазалоо үчүн арналган. Сатып алынган жабдуулар 2023-жылы чыгарылган жаңы заманбап көчмө гемодиализ аппараттары болуп эсептелинери айтылды.

Жабдуулар саламаттык сактоо министрлигинин бөлүштүрүү планына ылайык өлкөнүн бардык аймактарындагы негизги саламаттык сактоо уюмдарына орнотулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM