Биз менен байланышыңыз

Нарын театрынын режиссёру Шамбет Мендебаиров каза болду

Кыска кабар | 2 мая 2023 | 117 | 0

М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу-драма театрынын режиссеру Шамбет Мендебаиров 51 жаш курагында 1-майда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Ал эмнеден улам каза болгонун маалымдалган жок.

Шамбет Мендебаиров 1972-жылдын 22-август айында Нарын облустуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында туулган.

1997-2003-жылдары Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун “Театр жана кино” факультетинин “Режиссура” кафедрасын аяктаган. Окуу жайдын 5-курсунда окуп жаткан мезгилде Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалуу-драма театрына келип, дипломдук ишине В.Дельмардын “Жашоо деген…” спектаклин койгон.

2012-жылдан ушул күнгө чейин М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу-драма театрында көркөм жетекчи, режиссер болуп эмгектенген.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3- майда саат 11:00дө Нарын шаарында болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM