Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда эмне өзгөрдү? (мисалдар менен)

Блог | 2 мая 2023 | 522 | 0

Өзбекстанда 30-апрелде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп, көпчүлүктүн колдоосун тапты. Натыйжада коңшу өлкөдө жаңы Башмыйзам  ушул жылдын 1-майынан тарта күчүнө кирди.

Жергиликтүү эксперттердин айтымында, Башмыйзам дээрлик 65%га өзгөртүлдү. Ал эми 1992-жылы кабыл алынган Конституция ушул убакытка чейин он беш жолу оңдоп-түзөлгөн.

Төмөндө Өзбекстанда эмне өзгөргөнү тууралуу бир катар мисал менен айтып беребиз:

Өзбекстан – укуктук, социалдык жана светтик өлкө

Конституциянын 1-беренесиндеги «Өзбекстан – суверендүү демократиялык өлкө» деген сүйлөм төмөндөгүчө өзгөртүлдү:

  • Өзбекстан – башкаруунун республикалык түрүнө ээ болгон суверендүү, демократиялык, укуктук, социалдык жана светтик өлкө.

Башкаруунун республикалык түрү — «мамлекеттеги башкаруу органдарынын жетекчилери шайлоо жолу менен белгилүү бир мөөнөткө гана дайындалат» дегенди түшүндүрөт.

Ал эми социалдык жоопкерчилиги бар өлкө дегени эң төмөнкү айлык акы, жарандарга бирдей шарт түзүү жана бир катар эл аралык конвенциялардын шарттарын аткаруу болуп саналат. Өзбекстандын буга чейинки Башмыйзамында бул боюнча тактоо такыр жок болчу.

Ушундай эле мааниде «светтик өлкө» түшүнүгү да жаңы кошулуп, анда дин мамлекеттен өзүнчө болору жана мамлекет бардык динге бирдей шарт түзүп, нейтралдуу позицияны ээлей турганы так жазылган.

Дагы бир баса белгилей кетүүчү жагдай, жаңы Башмыйзамда «154-берененин 1-пунктундагы эрежелер кайра кароого жатпайт» деп белгиленген. Бул ченем: «Өзбекстан эч убакта демократиядан баш тартпайт жана укуктук мамлекет бойдон калып, монархия же исламдык республикага айланбайт» дегенди түшүндүрөт.

Мамлекет тарабынан берилүүчү жеңилдиктер Башмыйзамда жазылып коюусу шарт эмес

  • МурунЖеңилдиктер мыйзам менен гана бекитилип, социалдык теңчилик принциптерине ылайык болушу шарт.
  • Азыр: Жеңилдиктер мыйзамдарга ылайык белгиленип, социалдык теңчилик принциптерин сактайт.

Муну менен иштебей турган айрым беренелер колдонууга ыңгайлашат. Буга чейин жеңилдиктерди берүү үчүн бир катар мыйзам долбоорлор жазылып, бюрократия көп болчу.

Адам укуктары коомдук тартип жана социалдык биримдикти сактап калуу максатында чектелиши мүмкүн

  • Адам укуктары боюнча чектөөлөр дээрлик өзгөрүүсүз калды. Бирок бул жолку тактоолордо «социалдык биримдикти бузган учурда» деген термин колдонулган. Ал термин эмнени түшүндүрөрү боюнча так аныктама жок.
  • Бул чектөө сөз эркиндигине да тийиштүү. Тактап айтканда, мыйзам менен корголгон сырдуу маалыматтарды ашкере кылуу учурунда ЖМКлар жоопко тартылышы мүмкүн.

Мугалимдер тууралуу берене кошулду

Конституцияда мугалимдер тууралуу берене кошулуп, ал эки абзацтан турат. Анда мугалимдин аброюн коргоону жана аларга кам көрүүнү мамлекет өз милдетине алары так жазылган.

Жер жеке менчик болушу мүмкүн

Өзбекстанда 2022-жылдан тарта айыл чарбага багытталбаган жер тилкелерин менчиктештирүү байкалган. Жаңы Башмыйзамда жерге жеке менчик ээси ээлик кылуусу тууралуу да беренелер киргизилди. Бирок «менчиктештирилген жерди кайра кароого болбойт, ал жеке менчик мүлк катары эсептелет» деген тактоо киргизилбей калды.

ЖМКлардын ишине тоскоол болгондор жоопко тартылат

Жаңы Башмыйзамга ылайык, ЖМКлардын ишине, алардын маалымат алуусуна жолтоо болгон учурда административдик жаза колдонулат.

Мамлекетти башкаруудагы өзгөрүүлөр:

Жаңы Конституция боюнча:

  • Президенттин мөөнөтү 5 жылдан 7 жылга узартылды: анда эки мөөнөткө шайлана алат деген тактама жана президентке тийиштүү башка нормалар өзгөртүүсүз калды. Белгилей кетсек, 2003-жылдагы өзгөртүүдө да президент 7 жылга шайланары айтылган. 2011-жылы кайра 5 жылга түшүрүлгөн;
  • Премьер-министрди парламентке эми президент сунуштайт;
  • Сенаторлордун саны 100дөн 65ке кыскартылды. Мурун ар бир аймактан алтыдан эл өкүлү болсо, азыр төрттөн көрсөтүлөт;
  • Премьер-министрди дайындоо жана ага ишеним көрсөтпөө процессинен Сенаттын ролу толук алып салынды;
  • Мыйзам чыгаруу палатасы кошумча укуктарга ээ болду;
  • Президент мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындай ала турган болду;
  • Конституциялык соттун судьялары мындан ары 5 жылга эмес, 10 жылга шайланат.

Жергиликтүү башкаруудагы өзгөрүүлөр:

Аймактардагы акимдер жергиликтүү кеңештин төрагасы боло албайт.

Эми акимдерди, айыл башчыларды жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлайт. Ошондой эле жергиликтүү бюджетти мындан ары эл өкүлдөрү карап чыгат. Бул Өзбекстандагы жергиликтүү кеңешке көп укук берилген алгачкы көрүнүштөрдөн десек болот.

Өзбекстандагы өзгөрүүлөрдүн жогоруда айтылгандардан башка да маанилүүлөрүн санап кетсек:

  • Өзбекстанда өлүм жазасын киргизүүгө тыюу салынат;
  • Эгер шектүү айыбын моюнуна алган жагдай жалгыз далил болсо, анда ал кылмышкер деп таанылбайт жана жазага тартылбайт;
  • Мамлекет калкты интернет менен камсыздап берүүгө жана шарт түзүүгө милдеттенме алат.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда Башмыйзамды өзгөртүү демилгеси Шавкат Мирзиёевдин экинчи мөөнөткө шайлануусу учурунда айтыла баштаган. Өткөн жылы Башмыйзамдын алгачкы версиясы сунушталып, ал дээрлик 10 ай талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM