Биз менен байланышыңыз

Баткенге өткөн жылда бөлүнгөн 500 млн сом толук иштетилбей калган

Кыска кабар | 2 мая 2023 | 178 | 0

2022-жылы Баткен облусуна өзгөчө статус берилген. Анын алкагында Баткен облусун өнүктүрүү программасынын негизинде ар жылы 500 млн сомдон кем эмес акча бөлүү тапшырылган. Бирок өткөн жылда бөлүнгөн акча толук иштетилбей калганын Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2-майдагы жыйынында Каржы министринин орун басары Улугбек Календеров билдирди.

«Өткөн жылы Лейлек менен Баткен районунун администрациясына 500 млн сом бөлүнгөн. Бирок тилекке каршы, кандайдыр бир процедуралардын негизинде толук иштетилбей калганы тууралуу маалымат бар. Акча өз убагында эле барган. Жеке оюм боюнча акчаны колдонуу жана жоопкерчиликтен чочулоонун эсебинен ушундай фактылар бар» , — деди министрдин орун басары.

Улугбек Календеров кошумчалагандай, каражатты туура колдонуу боюнча Баткендин айыл өкмөт башчыларына чейин окутуу иштери жүргүзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM