Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Баткен жана Согди облусунун жетекчилери жолукту

Кыска кабар | 2 мая 2023 | 166 | 0

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода менен жолукту. Бул тууралуу Баткен облусунун башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууга эки облустун чектеш райондорунун башчылары, облустук  күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. Жолугушуу 2-майда Кыргызстандын Кызыл-Бел айылы менен Тажикстандын Гулистон жерлигинин чектешкен аймагында өттү.

Эки тараптуу жолугушууда чек арадагы акыркы кырдаал талкууланып, ар кандай пикир келишпестиктерге жол бербөө, коопсуздукту сактоо максатында буга чейин кабыл алынган чечимдерди биргеликте аткарууну улантуу, күнүмдүк турмуш тиричиликке байланыштуу орун алган маселелерди жеринде чечүү  сүйлөшүлдү.

Ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттардын (ДРОН) учушу, сугат сууну пайдалануу, сугат каналдарын жана арыктарды тазалоо, көпүрөлөрдү, жолдорду оңдоо маселери каралып, тийиштүү мекемелердин жетекчилеринен турган комиссия түзүлүп, жеринде иш алып баруу тапшырмасы коюлду.

Эки тараптуу комиссия 4-майда Лейлек районунун Максат айылында жолугушуусу пландалды.

Copyright © 2017 Maral FM