Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, өлкө аймагында 3-6-май күндөрү түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт. 3-майда Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, 4-5-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2 үшүк жүрөт.
3-6-майда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күткүсү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 15…17 градуска чейин жетет.