Биз менен байланышыңыз

Чүйдүн депутаты айыл элин бөлүп-жарганы үчүн камакка алынды

Кыска кабар | 2 мая 2023 | 130 | 0

Аламүдүн районунда жергиликтүү кеңештин депутаты аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, А.Б. баштаган бир катар жарандар райондук прокуратурага арыз жазышкан. Арыздануучулар былтыр 7-июнда Ленин айылынын жергиликтүү кеңешинин М.К. аттуу депутаты элдик чогулушта «башка облустан келгендер айылга өз эрежелерин орнотуп жатат, аларга айылда орун жок» дегенин маалымдашып, элди бөлүп-жарганы үчүн чара көрүү өтүнүшкөн. Прокуратура арызды райондук милицияга жөнөткөн.

Бул фактыга байланыштуу 2023-жылдын 2-апрелинде Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

«Экспертизанын корутундусуна ылайык, Ленин айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты М.К. тарабынан аймактар арасындагы кастыкты (аразчылыкты) ачык билдирип, мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөнү такталган», — деп билдиришти милициядан.

Бул окуя боюнча шектүү катары 44 жаштагы М.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM