Бүгүн, 2-майда саат 11:00 чамасында Бишкектин №4 мектеп-гимназиясында бомба бар деген маалымат түшкөн.
Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам-тергөө тобу дароо чыгып, мектептин аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды.
Мугалимдер жана окуучулар эвакуацияланды. Учурда жеринде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору иш алып барууда.
Эске салсак, өткөн айдын башында, 20-апрелде жана 26-апрелде эртең менен Бишкек шаарында бир катар мектептерге «бомба коюлганы» тууралуу маалымат түшүп, окуучулар, мугалимдер эвакуацияланган.
Мындай окуялар соңку аптада бир нече ирет кайталанды. Бул маселелердин акыркы кезде көп кайталанышы коомчулукту дүрбөлөңгө салууда. Ал эми тиешелүү органдар иликтөө жүрүп жатканын, бомба тууралуу билдирүүлөр чет өлкөлөрдөн келерин билдирген.