Биз менен байланышыңыз

Депутаттар «жашыл» жумуш орундары боюнча форум өткөрдү

Кыска кабар | 2 мая 2023 | 106 | 0

Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңеш тарабынан «жашыл» жумуш орундары боюнча форум өттү.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага депутаттар, Министрлер кабинетинин, мамлекеттик эмес уюмдардын жана жарандык коомчулуктун, эл аралык бирикмелердин, кесиптик бирликтердин өкүлдөрү катышты.

Жыйында элди иш менен камсыздоо, аялдарга жумуш ордун түзүү, иш учурунда алардын укуктарын коргоо, гендердик теңчиликти сактоо, ар кандай басмырлоолордун алдын алуу чаралары талкууланды.

Ошондой эле калкты жумушка орноштурууга жана алардын эмгек укуктарын коргоого багытталган эл аралык конвенциялардын талаптарынын аткарылышы тууралуу сөз болду.

Депутат Динара Ашимова форумда жашыл саясат, транспорт, миграция, татыктуу билим алуу иш менен камсыз кылуу жаатындагы көйгөйлөр көтөрүлүп жатканын билдирип, «Ар тараптан коноктор чакырылган, алардын сунуштарын да эске алып резолюция кабыл алынат. Эмгекчилердин укуктарын 190-конвенцияга ылайыктап жатабыз. Алсак, аталган конвенцияда эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана ыдык көрсөтүүгө байланышкан биринчи эл аралык стандарттар белгиленген», – деди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM