Биз менен байланышыңыз

Орунбеков негативдүү маалымат таратпоону суранды

Кыска кабар | 2 мая 2023 | 229 | 0

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков туристтик сезондун алдында кыргызстандыктардан, анын ичинде ЖМКлардан негатив маалыматтарды таратпоону суранды.

Анын баамында, өлкөдө болуп жаткан негатив көрүнүштөр туристтик сезонго терс кесепетин тийгизбей койбойт.

«Алдынкы айларда туристтик сезон башталат. Андыктан негатив маалыматтарды, туристтерди чочулаткан жаңылыктарды көп таратпай турсак. Тилекке каршы, Нарында мас болуп алып жаш баланы зордуктап өлтүргөн, Таласта мал базардагы жапайычылык жазалоо деген сыяктуу көрүнүштөр туристтик сезонго кесепетин тийгизет. Аны болсо биз баарыбыз жарыша таратып жатабыз. Жаманды жашырып, жакшыны ашыралычы. Мына ушундай окуядан кийин Таласка, Нарынга бирөө келеби?! Туризм өнүккөн башка өлкөлөрдө деле кылмыш, кырсыктар болот, бирок алар жарыялап, өз мамлекетинин кадыр-баркын төмөндөтпөйт», — деп жазды ал.

Орунбеков жагымдуу маалыматтарды чет тилдерде жарыялап, туристтерди кызыктырууну, ал эми кырсык, кылмыштарды кыргыз тилинде, майда шрифтер менен, жаңылыктын эң арткы бөлүгүнө жазууну сунуштады.

«Дегеле жазбай, таратпай койсок деле мүйүз чыгып кетпейт. Кырсык менен кылмыштын алдын алуучу, кесепети менен күрөшүүчү тиешелүү тармактарыбыз деле кемчилиги болсо да, кудайга шүгүр иштеп жатышат. Албетте бул пикирге айрымдар кошулбашы мүмкүн. Биз эркин өлкөдө жашайбыз, ар бириңиздердин өз пикириңиздер бар. Айрыкча соцтармактарда бирдеме десең эле бөйрөктөн шыйрак чыгаруучуларыбыз да көп. Эркин медиалардын көз караштары, принциптери, пикирлери да ар кыл болушу мүмкүн. Бирок, урматтуу мекендештер, көз караштарыбыз окшош болбосо да, мамлекеттин имиджин көтөрө турган маселеде бирдиктүү болсок», — деп жазган Орунбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM