Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 2 мая 2023 | 121 | 0

 Бүгүн, 2-майда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-майда саат 10:00дөн 23:00гө чейин 11-кичирайондогу таза суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу Аламүдүн дарыясы, Ахунбаев, 7-Апрель көчөлөрү, Көк-Жар айылынын төмөнкү бөлүгү, Көк-Жар, Улан-1, Улан-2 кичирайондору, Көк-Жар конушу менен чектелген аймакта суу болбойт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM