Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди куттуктады

Кыска кабар | 1 мая 2023 | 249 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-майда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге телефон чалып, конституциялык референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев жүргүзүп жаткан конституциялык реформа, ошондой эле өлкөнү мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы идеяларды жана принциптерди ишке ашыруу багыты да достук мамиледеги Өзбекстандын дүйнөлүк саясаттагы аброюн бекемдөөгө салым кошоруна ишенимин билдирген.

«Президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жогорку деңгээлдеги ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк түзүлүп, бир туугандык, достук жана ынак коңшулук мамилелерге негизделген бардык деңгээлде конструктивдүү жана ишенимдүү диалог түзүлгөнүн баса белгиледи. Кабыл алынган биргелешкен Жол картасына ылайык тараптардын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштер толук көлөмдө уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, кечээ, 30-апрелде Өзбекстанда Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөн. Өзбекстан БШКсы берген маалыматка караганда, элдик добуш берүүгө шайлоочулардын 81,39%ы катышып,  алардын 90,21% өзгөртүүнү колдоп, 9,35% каршы болгон.

Өзгөртүүлөрдүн негизинде Башмыйзамга дагы 27 берене кошулары белгиленди. Анын ичинде «Өзбекстан Республикасынын президенти» бөлүмү да бар. Мында президенттик мөөнөттү беш жылдан жети жылга узартуу каралууда. Эгер кабыл алынса, анда Шавкат Мирзиёевдин буга чейинки шайлоого катышкандары жокко чыгарылып, кайра дагы эки жолу шайлоого катышууга укук алат.

Шавкат Мирзиёев учурда 66 жашта. Ал бийликке 2016-жылы мурдагы президент Ислам Каримов каза болгондон кийин келген. 2021-жылы кайрадан экинчи мөөнөткө шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM