Биз менен байланышыңыз

Ленин округу: Чыңгыз Капаров шайлоого катышуудан баш тартты

Кыска кабар | 1 мая 2023 | 229 | 0

№26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого талапкер катары катышууга арыз берген жарандык активист Чыңгыз Капаров арызын кайтарып алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Активист Чыңгыз Капаров депутаттык шайлоого талапкер катары катышуу үчүн 26-апрелде арыз берген.

Аны менен бирге 10-апрелде арыз берген Нурлан Сакиев да талапкерлигин алып салган. Ага чейин 10-апрелде Бекзат Иманкулов, 24-апрелде Бекзат Иманкулов, Нурлан Шапанов, 27-апрелде Марат Арзыкулов, Роман Мокейчук, Алманбек Осмонов да шайлоого катышуудан баш тарткан. Муну менен жалпы 8 талапкер арызын чакыртып алды.

Чыңгыз Капаров Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, 12-апрелде соттун чечими менен үй камагына чыгарылып, ооруканага жаткырылган.

№26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM