Биз менен байланышыңыз

БШК: Ленин округунан шайлоого катышуу үчүн 49 талапкер арыз берген

Кыска кабар | 1 мая 2023 | 236 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы №26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдиргендердин документтерин кабыл алуу аяктаганын кабарлады.

Маалым болгондой, БШКга жалпы 49 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 32 талапкердин (27 эркек, 5 аял) документтери кабыл алынган. 9 талапкердин документтери толук болбогонуна байланыштуу артка кайтарылган. 8 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан.

Учурда 5 талапкер (4 эркек, 1 аял) каттоодон өтүп, шайлоого талапкер катышууга укук алган. Дагы 27 талапкердин документтери учурда текшерүүдөн өтүп жатат.

№26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM