Биз менен байланышыңыз

Ошто кармалган бажычы депутат Нарматованын уулу экени айтылууда

Кыска кабар | 1 мая 2023 | 281 | 0

Оштогу кыргыз-өзбек «Достук» чек ара бекетинен бажы кызматкери коррупцияга шектелип кармалып, Бишкекке алып келинген. Биринчи Май райондук соту шектүүлөрдү 22-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Айта кетсек, УКМК 18-мартта «Кытайдан мыйзамсыз жол менен товар ташыган канал уюштуруп алышкан» деген шек менен Бажы кызматынын алты кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү кармалганын билдирген. Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев алардын бири башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси экенин «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

Кармалган бажы кызматкери ушул ишке шектелип жатканы белгилүү болду.

Айрым маалымат каражаттары кармалгандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын Ош бажысында эмгектенген уулу Азатбек Нурдинов экенин жазышууда.

Азатбек Нурдинов Ош Бажы тариздөө тобунун башкы инспектору болуп эмгектенип келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM