Биз менен байланышыңыз

Эртең Ош шаарында суу өчүрүлөт (видео)

Кыска кабар | 1 мая 2023 | 323 | 0

Эртең Ош шаарынын айрым аймактарында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Суу шаарга таза суу кийирүү долбоорунун биринчи этабынын алкагында түтүктөрдү борбордук түтүккө туташтыруу иштерине байланыштуу өчүрүлөрү маалымдалды.

Андыктан 1-май 24:00дөн 2-май 24:00гө чейин Манас-Ата (ХБК), Туран аймактарында, Достук кичи районунда. Калинин конушунда суу болбойт.

«Ош суу канал» муниципалдык мекемеси Ош шаарынын айтылган аймактарда жашаган тургундарынан бир күндүк таза суу камдап алуусун өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM