Таластын мал базарындагы окуя боюнча милиция маалымат таратты. Ага ылайык, 30-апрель күнү эртең менен Талас районуна караштуу мал базардан ууру кармалды деген видеолор интернетке тараган.
Жашоочулар болжол менен 25-30 жаштагы адамды акча уурдады деп кармап алышканы тууралуу билдирүү Талас РИИБне катталган. Окуя болгон жерге Талас райондук милициясынын тергөө ыкчам тобу барып текшерүү иштерин жүргүзгөн.
Текшерүү учурунда Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 1976-жылы туулган М.И. аттуу тургуну мал базардан 60 миң сомун уурдатып алгандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Мындан тышкары Чолпонбай айылынын 1999-жылы туулган Ж. уулу К. да мал базардан кол сумкасынын ичинен 6 миң сомун уурдатканын билдирген.
Кармалган жаран милиция кызматкерлери тарабынан Талас РИИБге алып келинген.
Ал Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району Григорьевка айылынын 1989-жылы туулган А. Э. экени аныкталды. Текшерүүдө анын жанынан жалпы 35 200 сом алынган.
Учурда текшерүү жана иликтөө иштерин жүргүзүлүүдө.