Марал Радиосу

Таластын мал базарындагы окуя боюнча милициянын маалыматы

Таластын мал базарындагы окуя боюнча милиция маалымат таратты. Ага ылайык, 30-апрель күнү эртең менен ​Талас районуна ​ караштуу мал базардан ууру кармалды деген видеолор интернетке тараган.

Жашоочулар болжол менен 25-30 жаштагы адамды акча уурдады деп кармап​ алышканы тууралуу билдирүү Талас РИИБне катталган. ​Окуя болгон жерге Талас райондук милициясынын тергөө ыкчам тобу барып текшерүү иштерин жүргүзгөн.

Текшерүү учурунда​ Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын ​1976-жылы туулган​ М.И. аттуу тургуну мал базардан ​60 миң сомун уурдатып алгандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Мындан тышкары Чолпонбай айылынын 1999-жылы туулган Ж. уулу К. ​да мал базардан кол сумкасынын ичинен 6 миң сомун уурдатканын билдирген.

Кармалган жаран милиция кызматкерлери тарабынан Талас РИИБге алып келинген.

Ал ​ Ысык-Көл облусунун ​Ысык-Көл району Григорьевка айылынын 1989-жылы туулган А. Э. ​экени аныкталды. Текшерүүдө анын жанынан ​жалпы 35 200 сом алынган.

Учурда текшерүү жана иликтөө иштерин жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version