Баткен шаарында Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чек ара маселелери боюнча өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусу болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.
Сүйлөшүүлөр 25-апрелден 29-апрелге чейин боулп, анда тараптар үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишин аныктоо маселеси боюнча пикир алышкан.
Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөрү кабарланды.