Таласта мал базарда уурулукка шектелген адамды жергиликтүүлөр колунан байлап, сабаганы боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Окуя 30-апрелде эртең менен болгон. Алдын ала маалыматка караганда, эл кармаган адам бирөөнүн чөнтөгүнөн ири суммада акча уурдаганы айтылууда.
Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады.