Марал Радиосу

Таласта мал базардагы окуяны милиция териштире баштады (видео)

Таласта мал базарда уурулукка шектелген адамды жергиликтүүлөр колунан байлап, сабаганы боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Окуя 30-апрелде эртең менен болгон. Алдын ала маалыматка караганда, эл кармаган адам бирөөнүн чөнтөгүнөн ири суммада акча уурдаганы айтылууда.

Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады.

Exit mobile version