Биз менен байланышыңыз

Пакистанда Чыңгыз Айтматовдун урду тилиндеги китеби жарык көрдү

Кыска кабар | 29 Апр 2023 | 303 | 0

Пакистандын Исламабад шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун урду тилиндеги китеби жарык көрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Исламабад шаарындагы элчиликте 28-апрелде Кыргызстандын Конституциясынын 30 жылдыгы жана эл жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага пакистан тарабынан саясатчылар, илимий жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, Пакистанда жашаган этникалык кыргыздар, ошондой эле Кыргызстандын жарандары катышты.

Маданий программанын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргызстандын Баш мыйзамы, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган видеоматериалдар көрсөтүлдү.

Мындан тышкары Эл жазуучусунун урду тилине которулган китептеринин бет ачары уюштурулуп, сүрөт көргөзмөсү тартууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM