Биз менен байланышыңыз

Ак-Сууда жарандар өз ыктыяры менен ок атуучу куралдарын тапшырды

Кыска кабар | 29 Апр 2023 | 141 | 0

Ак-Суу районундагы «Арсенал» рейди учурунда 13 жаран өз ыктыяры менен ок атуучу куралдарын тапшырды.

Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, рейд 10 күнгө созулуп, анын алкагында 98 ышкыбоз мергенчи, уруксат берүү системасынын 3 объектиси текшерилди.

Иш-чара курал-жарак, жардыргыч заттарды жана жардыргыч шаймандарды мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын аныктоо, ок атуучу курал колдонуу менен жасалган кылмыштардын бетин ачуу максатында өткөрүлдү.

Рейддин жыйынтыгында 22 жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 133-беренесинин (Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу) негизинде протоколдор түзүлдү. Он үч жаран өз ыктыярлары менен ок атуучу куралдарын тапшырып беришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM