Биз менен байланышыңыз

30-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 29 Апр 2023 | 120 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 30-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26,

Таласта түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,

Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 23…25 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM