Алыдагы 1,5,6 жана 9-май күндөрү «Унаа» мамлекеттик мекеменин бардык бөлүмдөрү жана секторлору иштебейт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Маалымтка ылайык, 7-8-май күндөрү унааларды каттоо боюнча төмөнкү бөлүмдөр иштейт:
- Бишкек шаары Б. Алыкулова көчөсү, 3/10 дарегинде жайгашкан, Батышбөлүмү;
- «РИОМ-Авто» автобазарында жайгашкан, Регион аралык бөлүм;
- Ош шаары Көкүм-Бий көчөсү, 168 дарегинде жайгашкан Ош-2 сектору(«Жапалак» унаа базарынын жанында);
Жогорудагы көрсөтүлгөн бөлүмдөрдүн бардыгы саат 08:30дан 17:30гачейин, 12:00дөн 13:00гө чейин тыныгуу менен иштейт.
1,5 жана 9-май күндөрү Кыргызстанда эс алуу күндөрү болуп эсептелет.