Connect with us

Бишкектин Ленин районунда шайлоо участогу көчүрүлүшү мүмкүн

Кыска кабар | 29 Апр 2023 | 198 | 0

Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун алкагында Бишкектин Ленин районундагы №1013 шайлоо участогу башка жерге көчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбеков 2023-жылдын 28-майында жетинчи чакырылыштагы № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону даярдоодо жана өткөрүүнүн алкагында № 1013, 1045, № 1053 шайлоо комиссияларын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аппарат жетекчиси №1045 жана 1053 участкалык шайлоо участкаларына тышкы жана ички жарыктандырууну текшерүү, «Белек» маданий-көңүл ачуу борборунун имаратынын (№1053 УШК) ички жана сырткы эстетикалык көрүнүшүн ылайык келтирүү тапшырмаларын берди.

Ошондой эле жарандардын ыңгайлуулугу үчүн №1013 шайлоо участогун башка жерге көчүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырылды.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM