Биз менен байланышыңыз

Германиялык ишкерлер Оштогу бир катар ишканаларды кыдырды

Кыска кабар | 29 Апр 2023 | 142 | 0

Германиядан келген ишкерлер Ош облусунун бир катар ишканаларын кыдырып, ата мекендик өндүрүүчүлөргө бизнес-өнөктөштүктү сунушташты. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бизнес делегациянын өкүлдөрү Ош жана Жалал-Абад облустарынан 50дөн ашык ишкер менен жолугуп, өз кызматтары тууралуу кеңири маалымат беришкен.

Учурда Германиядан келген делегация Кыргызстанда жүрөт, анын курамында ири бизнес өкүлдөрү бар.

Бишкекте бизнес-форум уюштурулуп, түштүк аймагында болсо меймандар өздөрүнүн компанияларынын бет ачарларын өткөрүштү жана товарларды экспорттоо жана импорттоо боюнча эки тараптуу өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Немис делегациясы, Кыргызстандын фермерлерин сүт азыктарын кайра иштетүү жаатында окутууну уюштуруу ниетин билдирди. Германия Айыл чарба, химия өнөр жайы, текстиль, жеңил өнөр жай, автомобиль өнөр жайы, тоо-кен өнөр жайы, логистика, соода, станок жана жабдуулар жана башка тармактарда кызматташууну сунуш кылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM