Биз менен байланышыңыз

Эми бишкектиктер тиркеме аркылуу коомдук транспортту көзөмөлдөй алышат

Кыска кабар | 29 Апр 2023 | 122 | 0

Эми Бишкек шаарында жашагандар «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинин «Автобус» бөлүмүнөн автобустардын кыймылын көзөмөлдөй алат. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эми тиркемеден мурда бар болгон автобустардан тышкары № 2, 9, 10, 11, 12, 17, 21, 34, 41, 46, 360 коомдук транспорттун жүрүүсү боюнча кошумча маалымат алууга болот.

Кошумча функцияны колдонуу үчүн тиркемени жаңыртуу же жаңы колдонуучу болсоңуз төмөнкү шилтемелерден жүктөп алуу керек: Play Market: play.google.com, App Store iOS: apps.apple.com

Мобилдик тиркемеден тышкары, Бишкек мэриясынын порталынан шилтеме боюнча коомдук транспорттун жүргөн жерин байкоого болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM