Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Токомбаев көчөсүнүн бир бөлүгү 10 күнгө жабылат

Кыска кабар | 29 Апр 2023 | 117 | 0

29-апрелден 10-майга чейин Бишкектин Аалы Токомбаев көчөсүнүн Майрам көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейинки Аламүдүн дарыясынын жээгиндеги бөлүгү жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган тилке магистралдык канализация тармактарынын курулушуна байланыштуу жабылууда. Автомобиль айдоочулар жолдун тилкелеринин бири менен айдай алышат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардан каттамдарын алдын ала пландап алуусун суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM