Биз менен байланышыңыз

Жапаров чек ара окуяларында курман болгондорду эскерип, кайрылуу жасады

Кыска кабар | 28 Апр 2023 | 269 | 0

Бүгүн, 28-апрелде президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууларда курман болгон жарандарды эскерүүгө байланыштуу кайрылуу кылды.

2021-жылдын апрель айында, 2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасында каргашалуу окуялар катталган. Кагылышуунун кесепеттерин жоюу максатында прзиденттин эки жарлыгы чыккан. Аларга ылайык, жарандардын талкаланган турак жайларын калыбына келтирүүгө мамлекеттин бюджетинен 1 млрд 385 млн 670 миң сом бөлүнүп берилгени кабарланган.

«Учурда талкаланган 418 үйдүн 381и бүткөрүлдү, калгандарын калыбына келтирүү жаатында курулуш иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары жапа чеккен жарандардын насыя берүүчү мекемелерге болгон 31 млн сомдук карызы жоюлуп, 63 млн сомдук насыялык келишимдердин шарттары жеңилдетилди. Каргашалуу окуяда эл-жери үчүн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жабыр тарткан жарандарга мамлекет тарабынан компенсациялар төлөнүп берилди. Бул багытта даректүү жардам чаралары дагы улантылат» , — деди Садыр Жапаров.

Президент биринчи жолку кагылышуудан кийин мамлекет чыйралып, чек ара коопсуздугун бекемдөө максатында кечиктирилгис чараларды кабыл алганын айтты. Өлкө тарыхында алгач ирет республикалык бюджеттен Куралдуу күчтөргө заманбап аскердик техника жана башка керектүү жабдыктар сатып алынды жана натыйжада экинчи жолку кагылышууда татыктуу жооп кайтарылып, мизи майтарылып, көптөгөн курмандыктардын болушуна жол берилбегенин билдирди.

Ошондой эле аскерлердин жана ички иштер кызматкерлеринин, айрыкча, Баткенде кызмат өтөгөндөрдүн айлык маяналары көтөрүлгөнүн кошумчалады.

2021-жылдын апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында катталган кандуу окуяда Кыргызстандан 36 киши каза болуп, 154ү жараат алган.

2022-жылы 14-17-сентябрдагы чек ара окуясында 62 кыргызстандык шейит кетип, 200гө жакын адам ар кандай жараат алды. 600дөн ашык коомдук имарат жана турак үй өрттөлүп, талкаланган.

Copyright © 2017 Maral FM