Биз менен байланышыңыз

Кара-Кулжа: Сууга агып кеткен жаранды 50 куткаруучу издөөдө

Кыска кабар | 28 Апр 2023 | 125 | 0

Кечээ, 27-апрелде «Мырза-Аке – Кара-Кулжа — Алайкуу» жолунда бараткан УАЗ үлгүсүндөгү унаа Күйүктүн белине жеткенде жолдон чыгып кетип, Тар суусуна кулап түшкөн.

Бул маалыматты алган Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жерине барып, иликтөө жүргүзгөн. Маалыматка караганда унаада эки адам болгон. Жанындагы адам унаанын ичинде калып, айдоочу терезеден чыгып, сууга агып кеткен.

Агып кеткен адамды табуу үчүн кечээ 79 адам чыгып, кеч кирип кеткенине байланыштуу издөө токтотулган.

Издөө бүгүн да уланууда. Бүгүн ӨКМдин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнөн 10 куткаруучу, ИИМдин райондук бөлүмүнөн 10 кызматкер жөнөтүлгөн. Андан тышкары жергиликтүү тургундардан 30 адам да издөө иштерине кошулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM