Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктар май айында беш күн катары менен эс алат

Кыска кабар | 28 Апр 2023 | 547 | 0

Өлкө калкы 1-майда (Эмгек күнү) жана 5-майдан 9-майга чейин удаа эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Министрлер кабинети беш күндүк график менен иштеген кызматкерлер үчүн 29-30-апрель демалыш, 1-май майрам болгондуктан, үч күндүк эс алуу, ал эми 5-май жума күнгө, 6-7-май ишемби, жекшембиге, 9-май шейшембиге туш келгендиктен, ортодогу 8-майды да эс алуу күн катары жарыялаган токтом кабыл алды. Ага ылайык, 8-майдагы иш күн 13-майга которулат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-май — Эмгекчилердин күнү, 5-май — Конституция күнү, 9-май — Жеңиш күнү белгиленет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM