Биз менен байланышыңыз

«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолу транспорттук туңгуюктан алып чыгат

Кыска кабар | 28 Апр 2023 | 251 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ташкент шаарына жасаган сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышкан II Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна барды.

Дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн 2500дөй адам келген форумда Акылбек Жапаров да баяндама жасады. Ал «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоорду ишке ашыруу аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды байланыштырарын белгиледи.

Ошондой эле Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгыш аймагы, Иран, Перс булуңунун өлкөлөрү жана Түндүк Африкага жүк ташуу географиясын кеңейтерин кошумчалады.

Мындан тышкары Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы тууралуу айтты.

«Кыргызстанда өндүрүлгөн энергиянын дээрлик баары «жашыл» болуп саналат, анткени ал гидроэнергетикадан алынат. Биз азырынча потенциалыбыздын 13%га жакынын гана пайдаландык. Бул негизги тармакты өнүктүрүү үчүн өлкөбүзгө чет элдик инвестиция керек жана биз бул жаатта эң жакын кызматташууга даярбыз. Мен оптимист адаммын жана биргелешкен күч-аракеттерибизди жумшап, табигый артыкчылыктарды пайдалануу менен биз Борбордук Азия Евразия континентинде жаңы экономикалык кереметтин мекени болуп калышына кепилдик беребиз деп ишенем. Биз биргелешип гана ийгиликтерге жетебиз, бүтүндөй аймактын, биздин өлкөлөрүбүздүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн жана бир тууган элдерибизге шарттарды түзө алабыз», — деди Акылбек Жапаров.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу тууралуу келишимге 2022-жылы 14-сентябрда Самаркандда кол коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM