Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Улуттук банктын кампасындагы алтынды барып көрүштү (сүрөт)

Кыска кабар | 27 Апр 2023 | 158 | 0

«Кумтор Голд Компани» жабык акционердик коомунун жалпы өндүрүшүн жана иш-аракеттерин иликтөө максатында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия жакында эле ишин жыйынтыктап, корутундусу менен тааныштырган.

Аталган комиссиянын төрагасы, депутат Арсланбек Малиев 19,2 тонна алтын боюнча мындайча жыйынтыкка келгенин парламенттин басма сөз кызматына билдирген.

«19,2 тонна деген — чоң көлөм. Мындай өлчөмдөгү алтындын каякта экени белгисиз болуп жатканы боюнча маалымат көпчүлүктү бушайман кылды. Андыктан жагдайды иликтеген комиссия өз ыйгарым укуктарынан пайдаланып, аталган маалыматты ар тараптуу иликтеди. Көп адамдардан маалымат алынып, ийне-жибине чейин тактадык. Анын ичинен Улуттук банкка барып, алтын запасын эсепке алуу жана сактоо процесси менен тааныштык. Таанышуу учурунда ар бир фракциянын жана депутаттык топтун өкүлдөрүнөн турган комиссиянын бардык мүчөсүнө каалаган жашикти тандап, аны ачып көрүү жана алтын куймаларын текшерүү мүмкүнчүлүгү берилди. Ал тургай алтынды кармап сүрөткө түшүп, бардыгын тасмага тарттырдык. Бул архив үчүн маанилүү.

Ошондой эле 2023-жылдын 26-январына карата Улуттук банктын кампасында 43 миң 944,13 кг алтын запасы сакталып турат. Тагыраагы, 19,2 тонна алтындын жоголгону же белгисиз болуп жатканы тууралуу маалымат жалган. Аталган имиштерди аныктаган бир да маалымат же тастыктаган кагаз тапкан жокпуз. Муну комиссиянын ар бир мүчөсү далилдеп бере алат», — деген Малиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM