Биз менен байланышыңыз

Ошто бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өттү

Кыска кабар | 27 Апр 2023 | 204 | 0

Ошто бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өттү. Бул тууралуу аталган шаардык мэриядан билдиришти.

Жарманке Билим берүү жана илим министрлиги жана Ош шаарынын мэриясы, Германия Өкмөтүнүн колдоосу жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коому тарабынан өткөрүлдү.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык эмгек, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Куттубек Абдуллаев, ЖИА бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын максаты, окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, жумушсуз жарандарды жана жаштарды эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана иш менен камсыз кылуу болуп саналат.

Жарманкеге Кыргызстандын 40тан ашык алдыңкы компаниялары катышты. Иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен ыкчам маектерди өткөрүшүп, ар кандай тармактардагы 2000ден ашык бош орундар боюнча маалымат берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM