Биз менен байланышыңыз

Боомдо төрт күн таштарды уратуу иштери жүргүзүлөт

Кыска кабар | 27 Апр 2023 | 243 | 0

29-апрелде жана 2-3-4-майда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында (Боом капчыгайы) кооптуу таштарды уратуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жолду жарым-жартылай тоскондон кийин, аталган иштер күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилке менен каттайт.

Белгилей кетсек, таш түшүрүү иштери Бишкек – Нарын – Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM