Биз менен байланышыңыз

Сот «Азаттыкка» байланыштуу министрликтин арызын канааттандырды

Кыска кабар | 27 Апр 2023 | 296 | 0
Сүрөт: Азамат Убраимов

Бүгүн, 27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесине каршы арызы каралды.

Отурумда медианын адвокаттары жарыш сөз сүйлөп, ишти министрликтин пайдасына чечпөөгө чакырышты. Андан соң судья кеңешмеге кетип, кайра келгенден кийин министрликтин арызын канааттандырды.

Тактап айтканда, судья Чолпон Каримбаева «Азаттык Медианын» кыргыз редакциясынын ишин токтотуу боюнча чечим кабыл алды.

«Азаттыктын» жактоочулары бул чечимге макул эместигин жана аппеляциялык даттанууга беришерин билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM