Абактагы жарандык активист Илгиз Шаменов Бишкектин Ленин округунда өтө турган шайлоого талапкер катары арызын берди. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.
Ал 28-октябрда массалык башаламандык уюштурууга даярдануу беренеси менен айып тагылып, камакка алынган.
Кечээ, 26-апрелде Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынган саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкектин Ленин округунда өтө турган шайлоого талапкер катары арызын бергендигин билдирген.
No26 Ленин округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү бүгүн, 27-апрелде аяктайт.
Добуш берүү 28-майда болот. Шайлоонун жыйынтыгы 11-июнга чейин белгилүү болот.