Биз менен байланышыңыз

Сыдыгалиев: Торугартта унаалар 20 км узундуктагы кезекте турушат

Кыска кабар | 27 Апр 2023 | 139 | 0

Бүгүн, 27-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү.

Алсак, төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Кытайдан жүк ташып иштеген унаа ээлеринин кайрылуусу тууралуу сөз кылып, виза алууга төлөнүүчү каражат жогорулатылып, жүк ташыгандарга оорчулук туулуп жатканын кошумчалады.

«Мурда Кытайга кирүү үчүн виза 450-500 долллар болсо, азыр 2500-3000 долларга чейин көтөрүлүп, ортомчу компаниялар виза ачтырып жатыптыр», — деди эл өкүлү.

Андан тышкары кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өтмөктөрдө кезек күткөндөр көп экенин айтып, Министрлер кабинетин аталган маселени чечүүгө чакырды.

«Торугарт-автожол» көзөмөл өткөрмө пунктунда унаалар 20 км узундуктагы кезекте турушат экен. Ошол жерге атайын шарттарды түзүп бериши керек» , — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM