Кыргызстандын ар бир медициналык билим берүү мекемесине бирден оорукананы бекитип берүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Министр Гүлнара Баатырова мындай тажрыйба өлкөнүн кадрдык деңгээлин күчтөндүрүп, аймактык ооруканаларды адистер менен толуктоого шарт түзүлөрүнө ишенимин билдирди.
«Учурдагы студенттер — биздин медицинанын эртеңки үмүтү. Саламаттык сактоо министрлиги өлкө жетекчиси Садыр Жапаровдун колдоосу менен саламаттык сактоо уюмдарынын потенциалын бекемдөө боюнча масштабдуу иш алып барууда, бирок биз бул илим менен, кадрларды даярдоо менен байланыштуу болушу керектигин түшүнүшүбүз керек. Мен бардык катышуучуну ушул социалдык долбоордо чогуу иштөөгө чакырам, анткени келечектеги медициналык адистин бейтап менен болгон мамилеси студент үчүн абдан маанилүү. Райондук саламаттыкты сактоо уюмдары студенттерге практикалык көндүмдөрдү үйрөтүү үчүн клиникалык база катары шарт түзүп берсе болот. Келечекте бул жакшы тажрыйба жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу да өнүктүрсө болот. Ошондой эле студенттердин бир бөлүгү мындан ары аймактарда иштеп, аймактык ооруканалардын кадрдык потенциалын бекемдейт деген үмүт бар», — деди Баатырова.
Өлкө боюнча жалпысынан медициналык 23 жогорку окуу жай (6 мамлекеттик жана 17 жеке менчик) жана 27 коллеж (14 мамлекеттик жана 13 жеке менчик) иштейт.
Саламаттык сактоо уюмдарын жогорку медициналык билим берүү уюмдарына бекитүү жөнүндө буйрук:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН (1)
8 пикир