Биз менен байланышыңыз

«Азаттыктын» иши боюнча сот отуруму өтүүдө (сүрөт)

Кыска кабар | 27 Апр 2023 | 280 | 0

Бүгүн, 27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу арызын караган сот отуруму өтүүдө.

Бүгүн соттун өкүмү чыгышы күтүлүүдө.

Аталган медианы колдоп бир катар ЖМК өкүлдөрү, активисттер келишкен. Ошондой эле социалдык тармактар аркылуу да колдоосун билдирип жатышат.

26-апрелдеги отурумда «Азаттыкка» каршы соттук териштирүүнүн башталышына негиз болгон эфир боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис сотто көрсөтмө берген. Аталган маалымат каражатынын сайты жазгандай, адис экспертизага коюлган суроолорго так жооп бере албай турганын билдирип, ага юристтер гана аныктама бериши керектигин айткан.

«Азаттыктын» адвокаттары буга байланыштуу сотту Маданият министрлигинин арызын четке кагууга чакырган.

24-мартта Бишкектин Ленин райондук соту «Настоящее время» телеканалындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериалга лингвистикалык экспертиза дайындоо тууралуу министрликтин өтүнүчү канааттандырылган.

Анда «Настоящее время» телеканалынын Баткендеги окуялар боюнча эфиринде улут аралык кастыкты козутуунун жана согушту пропагандалоонун белгилери барбы деген мүнөздөгү суроо коюлган.

«Азаттык Медианын» адвокаттары мындай экспертизанын коюлушуна каршы болушкан. Алар Маданият министрлиги аны «Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө чейин тактап алышы керек болгонун, бул иш боюнча кылмыш иши козголбогон соң, мындай экспертизаны дайындоо мыйзамга каршы келерин белгилешкен.

Быйыл 23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Өткөн жылы 26-октябрда министрлик «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөгөн.  Ага «Азаттык» радиосунун дагы бир кызматы «Настоящее время» телеканалынын сайтында былтыр сентябрда болгон Баткен окуясы тууралуу негиз болгону айтылган.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай жогоруда аталган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM