Connect with us

Бишкекте ири китеп жарманкеси өтүүдө

Кыска кабар | 27 Апр 2023 | 237 | 0
Сүрөт, видео: Айтурган Талантбекова

Бүгүн, 27-апрелде саат 11:00дө башталган борбор калаадагы Курманжан Датканын айкелинин алдында Кыргыз Республикасынын Баатыры, дүйнөлүк улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнүн алкагында ири китеп жарманкеси өтүүдө.

Ал жерде балдар үчүн да ар кандай аянтчалар даярдалган. Ошондой эле Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Кытайдан келген илимпоздордун катышуусунда конференция болот.

К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 27-апрелде саат 3:00дө салтанаттуу иш-чаралар өткөнү турат.

Былтыркы жетишкендиктин арты менен быйылкы көргөзмөгө чет өлкөдөн да окурмандар келген.

Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү 23-апрелде белгиленет.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM