Биз менен байланышыңыз

Талиева: Лейлектин Кулунду айылында гепатит оорусу күч алды

Кыска кабар | 27 Апр 2023 | 176 | 0

Депутат Камила Талиева парламенттин бүгүнкү жыйынында Баткен облусундагы бир катар маселелерди көтөрдү.

Анын айтымында, Баткенден Бишкекке учак баалары кескин кымбаттап, бир тарапка 6000 сомду түзүүдө.

Ошондой эле Бишкекке жол алыс болгондуктан, учак менен кетүүнү каалагандар көп экенин, андыктан каттамдарды жумасына бир эмес, үч жолуга чейин көбөйтүү керектигин белгиледи.

Талиева экинчи маселе катары Лейлектин Кулунду айылында гепатит оорусу күч алганын эскертип, бул маселеге тез көңүл бурууга чакырды.

Ошондой эле депутат Баткен облусундагы мамлекеттик чек арага чектеш жашагандардын көйгөйүнө токтолду.

«Үйүңөрдө жашабай жатасыңар» деген жүйө менен айрым жарандардын пенсиясын, жөлөк пулун кыскартып жатышыптыр. Алар жыргаганынан үй-жайын таштап жатышабы? Азыркы кырдаалды эске алып, андай кадамга барбай тургула», – деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM