Биз менен байланышыңыз

Канат Бегалиев Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгынын директору болду

Кыска кабар | 27 Апр 2023 | 729 | 0

Балбан Канат Бегалиев Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мекеменин ага чейинки директору Айбек Абдымомунов ушул айдын башында Дене тарбия жана спорт департаментинин директору кызматына дайындалган.

Канат Бегалиев 2006-жылы Кытайыдын Гуанчжоу шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында жана 2008-жылы Бээжинде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль алган. 2007-жылы Бишкек шаарында өткөн Азия биринчилигинде чемпион болуп, алтын медаль тагынган.

2012-2017-жылдары грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу болгон.

Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы 2009-жылы Өкмөттүн токтому менен ошол кездеги Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине (азыркы Дене тарбия жана спорт департаменти) караштуу мамлекеттик мекеме катары түзүлгөн. Мекеме мамлекетке караштуу спорттук имараттарды, спорттук жайларды, андагы мүлктөрдү көзөмөлдөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM