Connect with us

Президент сууну коңшу мамлекеттерге сатуу боюнча үн катты

Кыска кабар | 27 Апр 2023 | 309 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип жатып  сууну башка өлкөлөргө сатуу маселесине байланыштуу маалымат берди.

Ал сууну товар катары сатууга убакыт келерин айтып, буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров көтөргөн маселеге мындай жооп берди:

«Сууну товар катары сатууга да убакыт келет. Азыр БУУда сууну товар катары кабыл алуу боюнча маселе каралып жатат. Кабыл алынса анан сатабыз да. Ал эми Мадумаровдун болсо тили эле сайрайт, колунан эч нерсе келбейт. Бишкекте туруп тили менен Москванын көчөлөрүн таптаза кылып шыпырып коет. 33 жылдан бери депутат болуп, чоң саясатта жүрөт. Ошончолук эле акылдуу болсо, сууну товар деп, аны сатуу боюнча бир барак мыйзам жазып киргизип койбойт беле. Ошончолук мекенчил экени чын болуп, элине, Мекенине күйсө, БУУга кайрылып көрбөйт беле. Кимди болбосун ажылдап беттен алат, акыл үйрөтөт, жооп берейин деген министрлерди кагып-силкип сүйлөтпөйт. Кыскасы ал киши жамандык, кемчилик эле издегенди адат кылып алыптыр. Адам деген кичине жакшы ниетте болуп, алдыга жылууга умтулуш керек го акыры», — деди ал.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков парламентте кошуна мамлекеттерге сууну ресурс катары сатуу демилгесин көтөргөн. Ал Кыргызстан кошуна мамлекеттерден газ, мунайзат жана башка ушул сыяктуу ресурстарды сатып алып жатканын белгилеп, суу да мамлекеттин рерусу экенин айткан. Ал эми Энергетика министрлиги учурда Дүйнөлүк банк суу пайдалануу үчүн акы төлөө маселесин көтөрүп жатканын, бул багытта атайын иштер жүргүзүлөрүн билдирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM