Биз менен байланышыңыз

Замир Юсупов Ош шаарына вице-мэр болду

Кыска кабар | 27 Апр 2023 | 207 | 0

Замир Юсупов Ош шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койгон.

Замир Юсупов курулуш жана муниципалдык менчик тармагын карайт. Калаанын курулуш тармагын караган вице-мэр Жасур Азимов 5-апрелде кызматынан кеткен. Дээрлик 20 күн бош турган орунга кайра эле мурдагы биринчи вице-мэр дайылдалды.

Замир Юсупов 2021-жылдын 6-сентябрында буга чейинки мэр Алмаз Мамбетовдун буйругу менен биринчи вице-мэрлик кызматынан бошотулган. Анын ордуна Марс Исаев дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM