Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Өзбекстанга барды

Кыска кабар | 26 Апр 2023 | 127 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Ташкент шаарына (Өзбекстан) барды.

Жумушчу сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин башчысы 27-апрелде Ташкент шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өтүүчү жана дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнүн 2500 өкүлдөрүн чогулткан II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун ишине катышат.

Акылбек Жапаров ошондой эле Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Сардор Умурзаков менен жолугары айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM