Биз менен байланышыңыз

Абактагы саясатчы Жээнбеков депутаттыкка талапкер болууга арыз берди (видео)

Кыска кабар | 26 Апр 2023 | 117 | 0

Бүгүн, 26-апрелде Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынган саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкектин Ленин округунда өтө турган шайлоого талапкер катары арызын берди.  Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.

Буга чейин ал ЖАКтын жетекчилери бюрократиянын айынан конвой менен алып барып, каттаттуу маселесин чечпей, укугу бузулуп жатканын билдирген эле.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоого талапкер катары катышкан учурда Кой-Таш окуясы боюнча абакта жаткан. Шайлоо күнү президент Садыр Жапаров добушун Равшан Жээнбековго бергенин айткан.

Равшан Жээнбеков ошол жылдын 27-декабрында эркиндикке чыгып, бирок 2022-жылдын 23-октябрында Кемпир-Абад иши боюнча кайрадан камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM