Биз менен байланышыңыз

Майда Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барат

Кыска кабар | 26 Апр 2023 | 185 | 0

Президент Садыр Жапаров ушул жылдын май айында Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигин басма сөз кызматы билдирди.

ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Кытайдын тышкы иштер министри Цинь Ган жолуккан. Тараптардын жолугушуусу 26-апрелде Сиань шаарында «Борбор Азия – Кытай» тышкы иштер министрлеринин IV жыйынынын алкагында өткөн.

Тараптар саясий диалогду мындан ары чыңдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты, маданий-гуманитардык байланышты жана коопсуздук секторун өнүктүрүү контекстинде кыргыз-кытай мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын май айында Кытайга биринчи мамлекеттик сапарын уюштурууга, ошондой эле мамлекет башчысынын «Борбор Азия — Кытай» биринчи саммитине катышуусуна даярдык көрүү маселелерине бурулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM